Партизандар аракетте: оккупацияланган Энергодарда өзүн өзү жарыялаган «мэр» жардырылды

Орус аскерлери тарабынан оккупацияланган Запорожье областынын Энергодар шаарында украин партизандары оккупанттар мыйзамсыз түрдө шаардын «мэри» кылып дайындаган коллабатор Андрей Шевчик турган үйдүн эшигин жардырып жиберишкен.

Мыйзамдуу мэр Дмитрий Орловдун айтымында, чыккынчы жана анын сакчылары ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан.

«Жардыруу Курчатов көчөсүндө жайгашкан үйдө күркүрөгөн. Маалыматка ылайык, ал жерде 48 жаштагы Андрей Шевчик жашайт. Ал Энергодарда «ОПЗЖдан» депутат болгон жана «орус дүйнөсү» келгенден кийин тез эле баскынчылар тарапка өтүп, ал жерде «элдик кеңеш» түзгөн», – деп айтылат билдирүүдө.

Орловдун айтымында, жайкын тургундар жабыркаган эмес.

«Мындан биз ачык-айкын жыйынтык чыгарсак болот. Алар коллабаторду күтүп, так сокку урду», – деди Орлов.

Запорожье АЭСи жайгашкан Энергодардын жашоочулары орус оккупациясына каршы нааразылык акциясына дайыма чыгып турушат. Акыркы күндөрү жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар шаардык куткаруу кызматынын жетекчисин барымтага алуу фактысы боюнча нааразылык акциясына чыгышкан.

Өз кезегинде россиялык ЖМКлап жана блогерлер жергиликтүүлөр Россияны колдойт деп ырасташкан, бирок биз көрүп тургандай, украин эли “орус дүйнөсүн” гүл менен тосуп алууну көздөбөйт.

Добавить комментарий