Парламентарийлер мас абалында унаа айдагандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатышат

Парламентарийлер мас абалындагы айдоочуларга карата жазаны катаалдаштыруу сунушун айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мас абалында унаа башкаргандар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Азыр айып пул 17500 сомду түзөт. Маматалиев бул сумманы 50 миңге чейин көтөрүүнү жана эреже бузгандардын айдоочулук күбөлүгүн бир жылга алып салууну сунуштоодо. Медициналык текшерүүдөн баш тартканы үчүн да ошол эле сумма төлөнүшү керек болот.

Үч жыл ичинде кайталап эреже бузган айдоочу 80 миң сом айыпка жыгылып, алты жылга укугунан ажыратылат.

Добавить комментарий