Ошто Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерин УКЖга киргизбей коюшту

Ош ШИИБ кызматкерлери Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн убактылуу кармоочу жайга киргизбей жаткандыгы боюнча түшүндүрмө беришти. Тактап айтканда, алар бул маалымат ишенимсиз экенин билдиришти.

Такталгандай, 2-ноябрда саат 10.30дар чамасында КАБУБ кызматкерлери чындап эле РИИБге келишкен. Алар милициянын жетекчилиги менен жолугушууну суранышкан.

“Жергиликтүү милициянын жетекчилиги пландык жыйында болгондуктан, КАБУБ кызматкерлерин түштөн кийин келүүнү суранышып, борбордун өкүлдөрү макул болушкан. КАБУБ кызматкерлери УКЖны текшерет деген суроо болгон эмес. Бардык укук коргоо уюмдары УКЖга мыйзамдуу түрдө келе алышат”, – деп ведомстводо комментарий беришти.

Добавить комментарий