Ошто ӨКМ кызматкери башына ок жеп каза болду

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Сел сууларынан коргоо» мамлекеттик агенттигинин 35 жаштагы жетекчиси Сапар Бакыевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

25-декабрда Ош шаардык милициясына Тез жардам кызматынан Озгур айылынын Кулматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тургунунун сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бычак кармап турган адам. Архив
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Арча-Бешикте 57 жаштагы эркекти бычактаган шектүү изделүүдө
Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун башына ок тийгенин көрүшкөн. Жашаган үйүн кароо маалында сарайынын алдынан уюган кан жана андан төрт метр аралыктан гильза табылган.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум Сапар Бакыевдин артында эки уулу калды.

Добавить комментарий