Ошто үч жигит тапанча жана бычак менен коркутуп, жашы жете элек кызга таандык мүлктү алып кетишти.
Бул тууралуу Ош ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, А.Навои атындагы паркында шектүүлөр 17 жаштагы М.А.дан 15 миң сомдук Samsung-A10S уюлдук телефонун алып кетишкен.
Бул окуя боюнча, 12-апрелде жабырлануучунун апасы А.Ф. кайрылган. Бул факт КЖБPде Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин («Каракчылык») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Ошол эле күнү Ош шаарынын жергиликтүү тургундары, 2003-жылы туулган А. уулу С., 2002-жылы туулган Ж. уулу М., 2004-жылы туулган М.А. жана Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну 2003-жылы туулган Аслан уулу Калый бул кылмышка шектелип кармалышкан.
Жеке текшерүү учурунда алардан белгисиз үлгүдөгү пневматикалык тапанча, огу жок, бир бүктөлүүчү бычак, “Нокия” телефону жана 1500 сом алынган. Алынган буюм далилдерине тиешелүү экспертиза дайындалды.
Бүгүнкү күндө үч шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 2004-жылы туулган М.К., жашы жете электигин эске алып, үй камагына чыгарылды.