“Коронавирус жок …”, — деп билдирди Ош облусунун үч жараны, натыйжада аларга жалган маалыматты таратуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Бул тууралуу 27-апрелде интернет-брифинг учурунда Ош, Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунда коменданттык саат башталгандан бери 3 жаран аныкталып, алар боюнча жалган маалымат тараткандыгы үчүн административдик протокол түзүшкөн.
«Биз аларды бошотуп койдук, эгерде алар дагы бир жолу жалган маалымат таратса, жоопко тартылышат. Бул категориядагы учурлар: “Коронавирус жок. Алар жөн эле адамдарды токтотушат.»
Андан бери андай фактылар катталган жок. Элдер кырдаалга түшүнүү менен мамиле кыла башташты», — деп кошумчалады Нурдинов.