Ош облусунда суу ташкыны: Үйдүн короолорун суу каптады

Ош облусунун Кара-Суу районунда үйдүн короолорун суу каптады, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, 5-апрелде, саат 23 чамасында жамгырдын кесепетинен арыктар сугат болуп, суудан кийин Фуркат айылындагы Зулпуев көчөсүндөгү үйдүн короолорун суу каптаган.

Тазалоо иштерин ӨКМдин Кара-Суу районундагы кызматкерлери, 102-отряддын 3 куткаруучусу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жүргүзүштү.

Куткаруучулар мотор насосторун колдонушкан.

Добавить комментарий