Ош облусунда 3 айда 23 адам жол кырсыгынын курмандыгы болду

Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) 3 айдын ичинде аймакта Жол кыймылынын эрежелерин бузган 20683 факт катталгандыгын билдирди.

Кырсыктарда 283 адам жаракат алган. Жол кырсыктарынын курмандыктары 23 адам болгон, деп билдирди облустук Жол кайгуул кызматынын өкүлү.

  • мас абалында унаа башкаруу – 376 факт;
  • ылдамдыкты жогорулатуу – 936;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 6 536;
  • унаанын алдыңкы айнегин караңгылатуу – 38;
  • документсиз айдоо – 331;
  • кырсыктар – 163;
  • каза болгондор – 23 адам, 283 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Аймактын айдоочулары жол эрежесин бузгандыгы үчүн 7 миллион 785 миң сом төлөшкөн.

Добавить комментарий