Ош: милиция ок атуудан улам каза болгон адамдын өздүгүн тактайт

Бүгүн, эртең менен Ош шаарынын Кукумбий көчөсүндө, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар адамдын сөөгү табылган. Анын өздүгүн аныктоого багытталган ыкчам иш-аракеттерди Ош ШИИБ жүргүзүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эркек адам октон алган жаракатынан улам көз жумган.

Бул ачык булактардан белгилүү болду.

“Адамдын инсандыгы аныкталууда. Факты КЖБPде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталган. Эркек киши башка жерде өлтүрүлүп, сөөгү ушул көчөгө ыргытылган деген божомол бар”, – деп билдиришти  редакцияга.

Түштүк борбордун ИИБинде сөөктүн табылышы тууралуу маалыматты тастыктады, бирок толук маалымат берүүдөн баш тартты.

Добавить комментарий