Ош-Баткен-Раззаков жолунда 6 унаа катуу кырсыкка учурады: жабыркагандар бар

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда 6 унаа кагышып, ири өлчөмдөгү жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу АКИpress билдирди.

2024-жылдын 20-февралында Ак-Турпак Трейд айыл аймагында “Мерседес-Бенц Спринтер” кичи автобусу менен “ДЭУ Дамас” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Кагылышуунун кесепетинен “Мерседес” унаасы жолдун четине чыгып кетип, дагы 3 турган “Дэу Тико” жана “Лексус” үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

Дарыгерлерге төрт жаран кайрылып, алардын үчөө жаракат алып ооруканага жаткырылды. Жабырлануучулардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.

Добавить комментарий