Орус аскерлери Мариупольдо балдар үчүн реабилитациялык борборду жок кылышты

Бир нече жумадан бери курчоодо турган шейит шаар Мариуполь орус армиясы тарабынан такай атылып турат. Бул жолу россиялык аскерлер балдардын реабилитациялык борборун талкалашкан.

Бул тууралуу Мариуполь шаардык кеңеши билдирди.

«Балдардын өмүрүн сактап калууга арналган жер бизди күч менен «бошотууну» чечкендер тарабынан жок кылынды. Бизди тынчтыктан, өнүгүүдөн, мындай Заманбап реабилитация борборлорунан бошотууга окшойт. Жашоо укугунан бошотуу», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле орус баскынчыларынын Мариуполь шаарындагы 1200 карапайым тургун жашынган драма театрды бомбалоосунун натыйжасында 300 адам набыт болгону белгилүү болду.

Каза болгондор тууралуу маалымат шаардык кеңеште айтылгандай, окуяга күбө болгондордон алынган.

«Акыркысына чейин бул коркунучтуу нерсегк ишенгиң келбейт. Акыркысына чейин, бардыгы куткарыла алды деп ишенгиң келет. Бирок бул теракт болгон учурда имараттын ичинде болгондордун сөздөрү башканы айтып турат», – деп билдирди аткаминерлер.

Добавить комментарий