Октябрь районунун сот аткаруучусу пара менен кармалды

УКМКнын кызматкерлери Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучуну пара талап кылгандыгы үчүн кармашты.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ал Бишкек шаарынын тургунунан аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга мурда киргизилген чектөөлөрдү алып салуу үчүн 60 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деп шектелүүдө.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, сот аткаруучу буга чейин шаардыктардан сумманын бир бөлүгүн алып, бирок чектөөлөрдү алып салуу маселесин чечпей, акча талап кылууну уланткан.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий