Ноокен: өрттөн аялдар менен бала каза болду

Ноокатта төрт адам өрттөн каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Ош облусунун Ноокат районунда өрт кырсыгынан төрт адам каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык Көк-Жар айылындагы турак жайлардын биринде болгон. Саат 6.50 өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Өрт саат 9.28 өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 41 жана 39 жаштагы аялдар жана эки бала каза болгон, улуусу 12 жашта, кичүүсү эки жашта.

Добавить комментарий