Ноокатта аял инспектор 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокат районунан Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Арыздануучу жол эрежесин бузгандыгы үчүн К.З. аттуу инспектор андан 2 миң сом алып, дагы 8 миң сом пара талап кылып жатканын билдирген. Ошондой эле паспортун дагы алып койгонун маалымдаган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча каттоого алынган.

Бүгүн, 3-декабрда, ыкчам-тергөө аракеттеринин алкагында милициянын старшинасы К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түштү.

Добавить комментарий