Ноокат районунда шахтаны суу каптап, 23 жаштагы кишинин өмүрүн алды

Ош облусунун Ноокат районунда шахтаны суу каптап, анын кесепетинен 23 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бир туугандар эле… Сүлүктүдөгү шахтада каза болгондор тууралуу
Билдирмеге ылайык, окуя 24-декабрь күнү Ноокат районуна караштуу Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтада катталган. Суу каптаган учурда ичинде адам бар болчу.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, шахтадагы сууну сордуруп алышкан. Ичинен 23 жаштагы жигиттин сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен. Окуяга 11 куткаруучу тартылган.

Добавить комментарий