Нидерландыда кырсык: жүк ташуучу унаа эс алуучуларды сүзүп кетти. Каза болгондор бар

Нидерландыда 27-августта ишемби күнү түштүктөгү Нью-Бейерланд шаарында трагедия болду. Жүк ташуучу унаа барбекюде тынч эс алып жаткан элди сүзүп кеткен. Окуянын кесепетинен алты адам каза болгон.

Укринформдун NOS агенттигине шилтеме берип маалымдоосуна караганда, жүк ташуучу унаа жээктен чыгып кетип, шишкебек жасап жаткан элди сүзүп кеткен.

«Нью-Бейерланддагы жүк ташуучу унаа окуясынан алты адам каза болду. Ошондой эле жети адам жабыркады, алардын ичинен бир адам оор абалда», — деп айтылат билдирүүдө.

Полиция каза болгондордун аты-жөнүн ачыктай элек. ЖМКлардын жазганына караганда, каза болгондордун үчөө бир үй-бүлөдөн. Кеп сегиз айлык боюнда бар эне, уул жана келин тууралуу болуп жатат.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу, 46 жаштагы испаниялык, эч кандай жаракат алган эмес, ал кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал трагедиядан катуу шок болгону белгиленген.

Маалым болгондой, унаа Испаниянын El Mosca транспорттук компаниясына таандык.

Алдын ала корутунду боюнча бул теракт эмес, кокустук.

Полиция жүк ташуучу унаанын эмне себептен чыгып кеткенин тактап, күбөлөр жана каза болгондордун жакындары үчүн убактылуу борбор түздү. Унаа үйдүн дубалын сүзгөндө гана токтогон.

Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактоого мүмкүн болгон кырсыктын күбөлөрүн, маалыматты, фото жана видеолорду жөнөтүүнү суранат. Жүк ташуучу унаа буга чейин трагедия болгон жерден чыгарылган.

Укринформ билдиргендей, ишемби күнү Түркиянын Газиантеп шаарында жүргүнчү ташыган автобус токтоп турган тез жардам жана дагы бир кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери менен кагылышып, кырсык катталды. 16 адам, анын ичинде үч өрт өчүрүүчү, төрт дарыгер жана маалымат агенттигинин эки кызматкери каза болуп, 21 адам жарадар болгон.

Добавить комментарий