Нарын: жашоонун белгилери жок адамдын сөөгү табылды

Нарын шаарында ӨКМдин кызматкерлери чакыруу учурунда батирлердин биринен жашоонун белгилери жок адамдын жансыз денесин табышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кызматка Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин жабылып калгандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар эшикти ачып, 50 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан.

Ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда каза болгон жагдайлар иликтенип жатат.

Добавить комментарий