Мыйзам бузуу менен 7 тонна күрүч ташылган

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагына күрүч партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду.

Документтерди жана алардын ташылган жүктүн шайкештигин текшерүү учурунда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) кызматкерлери күрүчтү мыйзамсыз ташыганын аныктады.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ЕАЭБ бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Ош облусундагы ыкчам бажы кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлүндө турган “А.Б.M.”башкаруусунда болгон «Камаз» автоунаасын токтотушкан.

«Бул автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда, ЕАЭБ бажы мыйзамдарын бузуп, коңшу мамлекеттен ташылып келген салмагы 7 миң кг (таза) «ак күрүч» табылган», -деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган товарлардын баасы 735 миң сомду түзгөн.

Бул факт ЖУИ АИС КЖБР катталган жана чогултулган материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий