Москва: мекенинде изделип жаткан кыргызстандык кармалды

РФ ИИМ басма сөз кызматы Москва шаарында эл аралык издөөгө алынган кылмышкер кармалгандыгын жарыялады.     

Маалым болгондой, Москва полиция кызматкерлери өз мекенинде оор кылмыштарды жасаган деп шектелип издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын кармашты.

Жалал-Абад облусунун туулганы 27 жаштагы Ж.Т. Таш-Көмүр шаарынын милициясы тарабынан токмоктолгон жана ден-соолукка зыян келтирген деген шек менен издөөдө жүргөндүгү такталды.

«2020-жылы күзүндө Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарынын биринде ал башка адамдар менен бирге жергиликтүү тургунду негизсиз сабап, андан кийин кылмыш болгон жерден качып кеткен. КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон. Ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Көрсө, ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп, чет өлкөдө жашынып жүргөн экен. Кармалган жарандын дагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды», – деп билдиришти ИИМден.

Добавить комментарий