Мээрбек Мискенбаев жана Рустам Ибраимов кармалды

КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги башаламандык учурунда түрмөдөн бошотулган эки туткун кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Булар Мээрбек Мискенбаев жана Рустам Ибраимов.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Башаламандык) боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкек шаарында митинг болуп, ал башаламандыкка чейин жетип, тергөөчүлөр жаза өтөө мекемелеринен бошотулган.

Бул кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, ИИМдин ыкчам кызматтарынын кызматкерлери Мээрбек Мискенбаев жана Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин тергөө кызматына жеткирилген.

Добавить комментарий