Милиционерлер жоголгон кызын энесине кайтарып беришкен

Борбордук милициясы базарда жоголгон кызды таап, ата-энесине кайтарып беришкен. 

ПМКБнын басма сөз кызматы билдиргендей, 12-апрелде «102» линиясына Дордой-1 көчөсүндө кыз жоголду деген чакыруу түшкөн.

Патрулдук милициянын инспекторлору келгенден кийин жаран А.З., анын үч жашар кызын табуу өтүнүчү менен окуя болгон жерге кайрылган.

Инспекторлор Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада кызды Кайыңды көчөсүнөн табышкан. Андан кийин алар баланы аман-эсен энесине кайтарып беришкен.

Кыздын энеси кызматкерлерге ыкчам жооп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Добавить комментарий