Милиция кызматкери ишкерден 20 миң сом талап кылган

УКМКнын басма сөз кызматына Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкеринин кармалганы тууралуу маалымат берилди.    

Такталгандай, кылмышка шектүү – Ош облусунун ИИБ кызматкери ишкерден 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалган.

Жабырлануучу маселени оң чечүү үчүн андан акча талап кылынганын айткан.

Аталган факты боюнча КР Жазыу кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

ИИБ кызматкери УКМКнын УКЖга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий