Милиция гезит кеңсесиндеги мушташты иликтөөдө

«Слово Кыргызстана» гезитинин редакциясында болгон мушташ боюнча укук коргоо органдары сотко чейинки тергөө ишин баштады.

Ачык булактарда Кифаят Аскерова дагы, Уматкүл Бралкеева милицияга кайрылганы көрсөтүлгөн. Учурда эки талапкерге тең соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Эскерте кетсек, “Слово Кыргызстана” гезитинин кеңсесинде мушташ болгон. Натыйжада коммерциялык директор Уматкүл Бралкеева жана башкы редактордун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова жаракат алышкан.

Добавить комментарий