Майнинг иши: «Бишкек» ЭЭАсы окуя боюнча комментарий берди

«Бишкек» ЭЭАнын аймагында ыйгарым укуктуу издөө иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө майнинг фермасы Интернетке жана электрге туташтырылган.

Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда, «Бишкек» ЭЭАнын жетекчилери, ошондой эле майнинг чарбасын колдогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын арасынан катышуучулардын чөйрөсү түзүлүп жатат. Ошондой эле, жабдуулар кандай жол менен алынып келингени жана майнинг чарбасын кандай негизде электр менен камсыздоо жүргүзүлгөнү айтылат билдирүүдө.

ЭЭА жообу

Эркин экономикалык аймактын субъекттеринин ассоциациясы, республиканын ЭЭА аймагында иштеген инвесторлордун жана ишкерлердин кызыкчылыктарын чагылдырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жарыяланган пресс-релизине комментарий берүүнү зарыл деп эсептейт.

Пресс-релиздин айрым пункттары чындыкка дал келбейт. Мисалы, жарыяланган видеодо “Блокчейн технологии” ЖЧКнын имараттары чагылдырылган. Көрсөтүлгөн жабдуулар бажы жагынан жол-жоболоштуруунун бардык жол-жоболорунан толугу менен укуктук негизде өттү. Чындыгында, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт. Бул юридикалык жак юстиция органдарында, салык органдарында жана «Бишкек» ЭЭАнын Башкы дирекциясында расмий каттоодон өткөн. ЖЧК имараттарды жана керектелген коммуналдык кызматтарды, анын ичинде электр энергиясын ижарага берүү жөнүндө келишим түзүп, бардык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз төлөп турат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын билдирүүсү боюнча, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат, ошол эле учурда басылмалар компаниянын ишмердүүлүгү мыйзамсыз деп эсептешет, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесин бузуу болуп саналат, анда ар бир адам өзүнүн күнөөсү белгиленген тартипте далилденмейинче,кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөсүз деп эсептелет. Башкача айтканда, басылмалар күнөөсүздүк презумпциясы принцибин сактабайт.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде майнинг иштерине байланыштуу эч кандай берене жок, жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде майнинг иштерине салык салууга байланыштуу эч кандай санкция же көрсөтмө жок. Бул иш-аракет Кыргыз Республикасы тарабынан мыйзамсыз деп таанылбай тургандыгын көрсөтөт.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги (ӨКОКЖСМА) «Электр жана жылуулук энергиясына, ысык суу менен камсыздоого тарифтер жөнүндө» 2020-жылдын 18-июнундагы № 97 буйругуна кол койду, ал 1-июндан баштап акыркы керектөөчүлөргө тарифтерди расмий бекиткен. Майнинг субъектери үчүн 9-пункт (криптовалюта) 2020-жылдын июль айына, өнөр жай керектөөчүлөрүнө тарифти 1 кВт.сааты үчүн 224 тыйын өлчөмүндө, көбөйүү коэффициенти менен 1.3.

ӨКОКЖСМА бул буйругу иш жүзүндө электр менен жабдуу жана майнинг иштерин жүргүзүүгө уруксат берет, буга байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын компаниянын ишмердүүлүгүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт.

Ушуга байланыштуу биз Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жана ЖМКнын компаниянын Бишкек ЕЭАнын аймагында мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө четке кагылышын талап кылабыз.

Добавить комментарий