Люктарды уурдабагылачы! Бишкек мэриясы элге кайрылды

Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Вандалдардан Лущихин, Күйүкова, Ахунбаев, Медеров, Токтоналиев, Алыкулов, Элебесов, Репин, Достоевский, Орто-Көчө жана башка көчөлөр жабыркаган.

«Борбордук көчөлөрдөгү жана жаңы конуштардагы темир торчолор дагы уурдалып жатат. Мурда машина жүргөн жолдордогу торчолорду алып кетишсе, эми аялдамадагыларды дагы уурдап жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Капиталдык курулуш башкармалыгы ички иштер органдарына бир нече ирет кайрылганы менен бейбаштар табылган эмес.

«Ууруларды табууга шаардыктар да жардам берип жатышат. Күбөлөрдүн бири милицияга арыз жазган. Ал ошондой эле коңшулардын камерасына түшүп калган видеону дагы алган. Анда көрүнүп тургандай, «Такси» деген белгиси бар унаа менен келген эки киши темир торчону багажга салып алып кетишкен. Окуя 12-ноябрда саат 5:26да болуптур. Милиция аларды табат деп үмүт артабыз», — дешти мэриядан.

Ошондой эле маалыматта көпчүлүк жолдордун подрядчысы China Road and Bridge Corporation (Kyrgyzstan) компаниясы экени белгиленген.

«Бул ишкана люк менен темир торчолорду беш-алты жолу кайталап орнотуп берди. Бирок уурдалган люктар дефект катары эсептелбегендиктен эми чыгымдар шаардык бюджеттин — салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлөт. Урматтуу шаардыктар, сураныч, люктарды уурдабаңыздарчы! Жабырлануучулардын арасында сиздердин дагы туугандар болуп калышы мүмкүн. Мыйзам менен жашаганды үйрөнөлү», — деп суранышты мэриядан.

Муниципалитет уурулук фактысына күбө болгон жарандарды 102 кызматына кайрылууга чакырат.

Добавить комментарий