Кыргызстандын жаранын паспорту. АрхивАэропорттон жасалма кыргыз паспорту менен келген өзбек жараны кармалды

Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген учактан түшкөн 22 жаштагы жигит чек арачыларга Кыргызстандын паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документтен шек санап, атайын текшерүүгө алган.

«Манас» эл аралык аэропортунан жасалма кыргыз папорту менен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Окуя 9-декабрь күнү болгон.

Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген учактан түшкөн 22 жаштагы жигит чек арачыларга Кыргызстандын паспортун көрсөткөн. Күзөттө тургандар документтен шек санап, атайын текшерүүгө алган.

«Жыйынтыгында паспорттун жасалма экени аныкталды. Кийин анын жанынан Өзбекстандан берилген айдоочулук күбөлүгү табылды. Ал документ өзүнүкү болуп чыкты», — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган адам жасалма кыргыз паспортун колдонуп жүргөнүн мойнуна алды. Тиешелүү иш-чаралардан соң чек арачылар аны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Добавить комментарий