Кыргызстандык жаңы төрөлгөн баланы Москвада отургучка таштап кетти

Москвада полиция жаңы төрөлгөн ымыркайды отургучка таштап кеткен аялды издеп жатат.

Ымыркайды тургундар Ярославль шоссесиндеги үйдүн жанынан табышкан. Алар дароо полицияга кайрылышкан.

2-3 күндөн ашпаган бала текшерүү үчүн ооруканага жаткырылган, азыр баары жакшы, ден соолугуна эч нерсе коркунуч келтирбейт.

Болжолдуу түрдө, аял Кыргызстандын жараны, азыр аны издеп жатышат. Москванын Тергөө комитети текшерүү иштерин баштады.

Добавить комментарий