Кыргызстандык аял бир килограммдан ашык гашишти чек арадан өткөрүүгө аракет кылган

Сосновка постунда чек арадан мыйзамсыз баңгизат алып өтүүгө аракет кылган 47 жаштагы аял кармалды.

«Honda Fit үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда ыкчам маалымат боюнча баңгизат ташылып жаткан. Текшерүү учурунда жүргүнчүнүн ичинен кара күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул 1 килограмм 5 грамм салмактагы гашиш», – деп айтылат ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүндө

Добавить комментарий