Кыргызстандык аял балдарын кароосуз калтырды: бири чөгүп кетти

Ачык булактардан бир жашар баланын өлүмү белгилүү болду. Москванын жанындагы Подольск шаарында Кыргызстандын жаранынын үй-бүлөсүндө трагедия болгондугу маалымдалды.

Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактарга шилтеме берүү менен орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

15-февралда эне 2019 жана 2020-жылы туулган эки уулун бир нече мүнөт ваннага жалгыз таштап кеткен. Кайра кайтып келе жатып, аял бир жаштагы ымыркайдын сууга толугу менен чөмүлүп калгандыгын жана жашоонун белгилери жок экендигин көргөн.

Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, кичүү уулу жууну үчүн отургучта отурган.

«Учурда тергөөчү окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат», – деп айтылат ТКнын билдирүүсүндө.

Добавить комментарий