
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев педофилдерге химиялык кастрацияны кайра баштоону сунуштады.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында Кылмыш-жаза кодексине жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда.
Өзгөртүүлөр катаал жазаларды жана балдардын сексуалдык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн узак мөөнөттүү абак жазасын камтыйт.
Депутат Дастан Бекешев педофилдерге мунапыс жана эскирүү мөөнөтү болбошу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле химиялык кастрация деген түшүнүктү мыйзамга киргизүүнү сунуштады.
«Мен буга чейин Жазык кодексине мындай кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштагам. Бирок, Башкы прокуратура ар кандай шылтоолор менен баш тартты. Бешинчи чакырылышта Турсунбай Бакир уулу экөөбүз химиялык кастрацияны киргизүүнү сунуштаганбыз, бирок бул сунуш президенттен колдоо тапкан жок. Казакстанда киргизишти, бизге да керек. Кылмышкерлер кээде түрмөдөн эмес, кастрациядан коркушат», — дейт эл өкүлү.
Депутат Марлен Маматалиев кесиптеши экинчи окууга өз сунуштарын киргизе аларына жооп берди. «Негизи мындай кылмыштар өлүм жазасына тартылышы керек, бирок бизде бул Конституцияда жок. Ал эми химиялык кастрацияга келсек, ооба, андай адамдарда кесип салса болот. Сунуштарыңарды экинчи окууга бергиле, механизмин ойлонушубуз керек», — деди ал.