Кыргызстанда 18 автомектеп жабылды

Кыргызстанда 18 автомектеп лицензиясы жок болгондуктан жабылды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн  (ТИЖСЛБ ЖКККББ) инспектору Темирлан Мирсадык уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 270 автомектеп болсо, анын 193ү Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы тарабынан текшерилген. 198 жазма эскетүү жазылып, 1 миллион 200 миң сомго 44 айып салынган.

«18 ишмердүүлүк токтотулган, башкача айтканда лицензиялык талаптар бузулгандыктан жабылган – лицензиялар болгон эмес», – деди инспектор.

Ал текшерүүлөр канча убакытка созулганын тактаган жок, бирок алардын бөлүмү жакында — ушул жылдын февраль айында түзүлгөнүн айтты. Бөлүм ушул семестрдин аягына чейин калган бардык автомектептерди текшерүүнү пландаштырууда. Ошондой эле, ага ИИМ автомектептерде коррупция болбойт деп убада береби деген суроо да берилди.

«Биз убада берип эле тим болбостон, аткарабыз. Болгон же болгон эмес, мен айтпайм, бирок азыр коррупция жок. Автомектептерди текшерүүнү биздин бөлүмдүн инспекторлору гана жүргүзбөгөндүктөн, биз коомчулуктун жана билим берүү борборлорунун өкүлдөрүн ачык-айкын болууга чакырабыз», – деп кошумчалады ал.

Добавить комментарий