Кыргыз фехтование федерациясынын экс-президентинин ата-энеси жол кырсыгынан каза болушту

Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Маалым болгондой, Рыспек Акматбаевдин атасы менен апасы каза болду.

«4-октябрь күнү эртең менен Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаа Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга бара жаткан, бурулганда айдоочу рулду башкара албай калган, натыйжада унаа оодарылып кеткен», – деп айтылат ачык булактарда.

Унааны 1937-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Салондо анын аялы – 1940-жылы туулган Сабира Содалиева болгон.

Маалымат үчүн! Акматбаев Рыспек Абдымаликович – КР фехтование федерациясынын экс-президенти.

Туулган жылы: 6 -июль 1960 -жыл

Жашы: 45 жашта

10-май, 2006-жылы каза болгон

Туулган жери: Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи

Добавить комментарий