Куугунтуктоо учурунда айдоочу сүзгөн кыз каза болду

Укук коргоо кызматкерлеринен качып келе жаткан айдоочу сүзүп кеткен кыз ооруканада каза болгон.

Эскертүү! Бишкекте бүгүн, 7-апрелде Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлеринин куугунтугунан жашынып, Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу ПМКБдан билдиришти.

Кыз шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Бирок дарыгерлер ага жардам бере алышкан эмес. ПМКБ билдиргендей, кыз алган жаракатынан улам каза болгон. Ал 26 жашта болчу.

Буга чейин аталган адам Исанов көчөсү менен катуу ылдамдыкта келе жатканы айтылган. Киев көчөсү менен кесилишкен жерден жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган. Айдоочу токтобой, окуя болгон жерден кетип калган. Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде тосмону сүзгөн. Айдоочу кармалганын ПМКБ басма сөз кызматы билдирди. Ал Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде да Opel үлгүсүндөгү унаа менен кагышкандыгы белгилүү болду.

Добавить комментарий