Куугунтуктан качып, кызды сүзүп кеткен: айдоочу кармалды

Кууп келе жаткан укук коргоо кызматкерлеринен качууга аракет кылган айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Маалым болгондой, Бишкекте бүгүн, 7-апрелде Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлеринин куугунтугунан жашынып, Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу ПМКБдан билдиришти.

Кырсыктын күбөлөрүнүн айтымында, Исанов көчөсү менен бир киши катуу ылдамдыкта келе жаткан. Киев көчөсү менен кесилишкен жерден жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган. Айдоочу да токтобой, окуя болгон жерден кетип калган. Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде тосмону сүзгөн.

Айдоочу кармалганын ПМКБ басма сөз кызматы билдирди. Ал Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде Opel үлгүсүндөгү унаа менен кагышкандыгы белгилүү болду.

Унаа менен сүзүлгөн кыз ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий