КР УКМК кызматкерлери Сузак районунда аткезчилик тоннелди аныкташты

Бүгүн, 19-мартта УКМКнын кызматкерлери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз алып өтүүгө арналган туннель табылганын маалымдашты. Белгиленгендей, туннель мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылынын тургундарынын биринин үйүнөн табылган.

Тоннелдин тереңдиги 15 метр, узундугу 130 метр, мамлекеттик чек арага чейинки узундугу 50 метрди түзгөн. Тоннелдин бийиктиги 1 метр 70 сантиметрге жеткен. Бул туннел табылган үйдүн ээси контрабанда каналын уюштурганы үчүн кармалган.

КР УКМК кызматкерлери тарабынан бул кылмыштуу схемага тиешеси барлардын бардыгын аныктоо операциясы башталды. Алар ошондой эле коомчулук өкүлдөрүн тергөөгө жардам бере турган кошумча маалымат менен чыгууга үндөштү.

Добавить комментарий