Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жаран Р.У.Н. аялын системалуу түрдө сабап, алдамчылык кылган деген айып менен кармады. Бул тууралуу Vesti.kg билдирди.
Жабыркаган аял күйөөсүнүн тынымсыз физикалык жана психологиялык кысымынан улам укук коргоо органдарына кайрылган.
Тергөө аныктагандай, соттолуучу аялын системалуу түрдө сабап эле тим болбостон, өлтүрөм деп коркуткан. Ошондой эле жакындарынын ишениминен пайдаланып, 30 миң долларды көп убакытка чейин кайтарып бербей ээлеп алган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда жаран Р.У.Н. Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
УКМК үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын кескин айыптап, мындай көрүнүштөргө жол берилбестигин эске салып, мындай фактылар боюнча атайын кызматка билдирүүгө чакырды.