Кыргызстанда 8-апрелде эртең менен коронавирустун 42 жаңы фактысы тастыкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Жалпысынан өлкөдө 270 оорунун тастыкталгандыгы аныкталган.
42 жаңы учурдун ичинен 13 медициналык кызматкер:
– Бишкек шаарында 1 санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматкери;
– Ош жугуштуу оорулар ооруканасынын 8 кызматкери: 4 дарыгер, 4 медайым;
– «Азия-кардио» – 2 кызматкер: дарыгер, медайым;
– Ош региондор аралык ооруканасы – 1 кызматкер (орто медициналык кызматкерлер).
7-апрелде өткөн брифингде министр 19 коронавирус аныкталганын жарыялады.
Ошентип, 8-апрелде 32 дарыгерде коронавирус аныкталды:
– Бишкек – 4,
– Ош облусу – 20,
– Жалал-Абад облусу – 7,
– Баткен облусу – 1.