Кол астында иштеген адамдан акча талап кылган: сот аткаруучу кызматтан бошотулган

Кемин районунун ПССИнин улук сот аткаруучусу мамлекеттик органдын беделин түшүргөндүгү үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Сот департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Алмаш Мамбеталиева кол алдындагы кызматкеринен акча талап кылат.

Эске салсак, социалдык тармактарда Кемин районунун улук сот аткаруучусу акча талап кылган видео тараган. Кадрларда аял кол алдындагысына кыйкырып, андан 500 сом талап кылып жаткандыгы, болбосо аны жумуштан кетирем деп убада кылгандыгы көрүнүп турат.

Добавить комментарий