Карантин мезгилиндеги Бишкектеги кылмыштардын статистикасы

Бишкек шаарынын коменданты борбор калаада карантин мезгилинде жасалган кылмыштар жөнүндө маалымат берди. 25-марттан 22-апрелге чейин (өзгөчө кырдаал учурунда) Бишкек шаарында 1370 кылмыш катталган. Алардын ичинен 1248 кылмыштар ачылган. Жалпысынан өзгөчө кырдаалда ар кандай укук бузуулар үчүн 2362 адам кармалган.

Акыркы сутка ичинде 43 адам коменданттык саатты бузуп, кармалган.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Добавить комментарий