Караколдогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси пара алып, кармалды

КР УКМК кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында саламаттык сактоонун Ысык-Көл облусу боюнча координаторун, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорун кармашты.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Паранын суммасы 100 500 сомду түзгөн.

«Б.Ж. Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелердин жооптуу кызматкерлеринен акча алган, алар өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден акча чогултушкан», — деп айтылат мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий