Караколдо 31-августта жолдон өтүп бара жаткан улгайган аялды унаа сүзүп кетти (ФОТО)

Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, 31-августта унаа 75 жаштагы кемпирди сүзүп кеткени белгилүү болду. Унаанын айдоочусу денеси көгала болгон жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң изин жашырып кеткен. Милиция кылмышкерди кармады.

Маалым болгондой, 31-август күнү саат 15:30 чамасында Каракол шаардык ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан жол кырсыгынан карыя аял түрдүү жаракаттарды алып, тез жардам бөлүмүнө жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери жабырлануучуну Пристань-Пржевальск айылынын 75 жаштагы тургунун суракка алгандан кийин, ошол күнү саат 15:00 чамасында аны белгисиз унаа жөө адамдар өтүүчү жерден сүзүп кеткенин аныкташкан. Кырсыктан кийин унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң ал белгисиз тарапка качып кеткен.

Кийинчерээк Каракол ИИБнын ЖКККБ инспекторлору тарабынан жол кырсыгына катышкан “Хонда” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Ал Түп районунун Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы С.Н. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин мойнуна алды.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Унаа камакка алынды.

Добавить комментарий