Кара-Суу районундагы жол кырсыгы: 10 адам жабыркады, каза болгондор бар

Бишкек-Ош унаа жолунда Кара-Суу районундагы кичи автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 10 адам жабыркап, 1 адам каза болду.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 645-чакырымында болгон. «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен «Субару Аутбек» ​​үлгүсүндөгү жеңил унаанын кагылышынан 1 адам каза болуп, 10 адам жабыркап, куткаруучулар аларды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканасына 10 адам түшкөн:

  • беш эркек: 35 жаштагы Ж.П., 38 жаштагы Ш.С., 34 жаштагы О.В., ошондой эле Өзбекстандын жарандары – 32 жаштагы Т.Ш. жана П.Ж.;
  • эки аял: 32 жаштагы М.С. жана 19 жаштагы Идов;
  • Кырсыктан дагы үч бала: 9 жаштагы Ш.М., 6 жаштагы Ш.Л.  жана 3 жаштагы Ш.С. жабыркаган.

Кырсыктан 21 жаштагы И. уулу Э. каза болду.

Окуя болгон жерде төрт куткаруучу иштеген.

Добавить комментарий