ӨКМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын эки шаарында жаңы жылдык балатылар күйүп, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Кара-Көлдө балаты жаңы жылдан кийин дароо күйүп кетти. Окуя болгон жерге 1 өрт өчүрүү бөлүм саат 00:19 чыгып кеткен. Өрт 14 мүнөттө өчүрүлгөн.
Базар-Коргондо балаты 31-декабрда таңга маал күйүп кеткен. Окуя болгон жерге 1 өрт өчүрүү бөлүм саат 05:49 чыгып кеткен. Саат 05:52 күйүп жаткан балаты толугу менен өчүрүлгөн. Такталган маалыматтар боюнча, бактын 30 пайызы күйүп кеткен.