Кара-Балтанын жанында жол кырсыгы: жеңил унаа менен КамАЗ сүзүштү, адам курман болду

Бишкек-Чалдовар жолунун 85-чакырымында Панфиловское айылына жакын жерде адам өлүмү менен коштолгон кырсык болду.

Daewoo Nubira үлгүсүндөгү жеңил унаа КамАЗ менен сүзүшүп, натыйжада жеңил унаанын 32 жаштагы айдоочусу каза болду, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Куткаруучулар сөөктү унаадан чыгарып, тез жардам бригадасына өткөрүп беришкен.

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, унаа катуу бырышып калган.

Добавить комментарий