Кара-Балтада милиция кызматкерлерин кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө УКМКнын «Альфа» спецназы унаанын дөңгөлөгүнө жана асманга ок атышты

 

Кара-Балта шаарында УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгү курал колдонууга арагасыз болуп, асманга жана унаанын дөңгөлөгүнө ок чыгарды. Социалдык тармактарда окуянын видеосу тарап жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өз булагына таянып билдиргендей, атышуу пара талап кылган деп шектелген үч милиция кызматкерин кармоо боюнча атайын операция учурунда болгон. Милиция кызматкерлеринин бири Жайыл РИИБ кызматкери, калган экөө Чүй облусунун ИИББ баңги затка каршы адистештирилген батальонунун кызматкерлери.

Алдын ала маалыматтар боюнча, операция учурунда укук коргоо кызматкерлери унаанын терезесинен акчаны ыргытып жиберишкен. Андан кийин «Альфа» атайын күчтөрү адегенде абага, андан кийин унаанын дөңгөлөгүнө ок чыгарышкан. Кылмышка шектүүлөр унаасы менен качып кетүүгө үлгүрүп, андан кийин аны таштап кетишкен.

Учурда үч шектүү адам изделүүдө.

Добавить комментарий