Кара-Балта: көчөдө сабалган жигит ооруканада каза болду

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-октябрда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы тургуну Ж.М. денесинен жаракат алып жеткирилген. Жабырлануучу Ж.М. 19-октябрда денесинен алган жаракатынан эсине келбей, эс-учун жоготкон абалда ооруканада каза болгон.

Аталган факты КР Жазык кодексинин 138-беренеси боюнча (Ден соолукка оор залал келтирүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Иштин материалдарынан толук маалымат

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаран Ж.М.  Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жүргөндө тааныштары тарабынан сабалганы аныкталган.

Керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жогоруда аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун ИИБнын МТКнын жана Жайыл районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары кылмышка шектүүлөрдүн бири аныкталып, 24 жаштагы А.И. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин райондук сот тарабынан ага карата эки айга камакка алуу түрүндөгү тыюу салуу чарасы тандалган.

Ошондой эле, Мындан бир күн мурун милиция бул кылмышка тиешеси бар дагы эки кишини кармаган – мурда издөөдө жүргөн1990-жылы туулган Т.В. жана  52 жаштагы А.Ш. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий