Камчыбек Ташиевдин мунай базасынан кайрадан өрт чыкты. Сүрөт

Мурдагы депутат Камчыбек Ташиевге таандык Жалал-Абад шаарындагы мунай базасынан кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы жеринен билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан чыккан өрт саат 16:52де толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдады.

В Джалал-Абаде произошел пожар на нефтебазе, которая находится на улице Шерматова. 23 декабря 2019 года
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
В Джалал-Абаде произошел пожар на нефтебазе, которая находится на улице Шерматова. 23 декабря 2019 года
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-майында ушул эле мунай базада өрт чыккан.
Өрт өчүрүү. Архивдик сүрөт
Жеринде 10 өрт өчүрүүчү унаа 2 автошаты жана Жалал-Абад аэропортунун 2 техникасы менен иш алып барышкан. Мындан сырткары, Ош облусунан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, көбүк алынганы кабарланган.

Кырсыктын кесепетинен бир өрт өчүрүүчү жана мунай базанын кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тегерек четинде жашаган эки миңдей тургун эвакуацияланган. Мунай база «Томас и Ко» компаниясына таандык болуп, анын жетекчилеринин бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү болгон.

Добавить комментарий