Эсин жоготкучакты сабашкан

Ош облусунун Ноокатында жаш жигит жаракат алып, анын кесепетинен эсин жоготуп, ушул абалда аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады. Бул фактыны облустук ИИБ басма сөз кызматы тастыктады.

2021-жылдын 8-ноябрында саат 12:20 Ноокат РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлерине аларга Исанов айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын 1992-жылы туулган тургуну Т. уулу М. денесинен жаракат алып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Факты РИИБдин электрондук журналына катталган.

Жабырлануучу аны алкоголдук ичимдиктерди ичип алып сабашканын айткан

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, ушул жылдын 7-ноябрында Т. уулу М. (жабыркаган) саат 12:00 чамасында айылдаштары З., Б., З., Ж. менен Жаңы-Базар айылында жолугуп, спирт ичимдиктерин ичишкен.

Жабырлануучу андан соң Ош шаарына досторунун биринин З. аттуу кызына барышканын, андан кийин алар Т. уулу М.нын Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Келен айылындагы сүйлөшкөн кызына барабыз деп макулдашкан. Алар Папан айылына жетип, ал аркылуу Кожо-Келен айылына баратканда досу З. аны бетке муштап, натыйжада Т. уулу М. эс-учун жоготуп, эч нерсе эсинде жок.

Жогорудагы факты боюнча чогултулган материалдар 9-ноябрда Ноокат РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Бейбаштык») негизинде катталган жана сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т. уулу М. алган жаракатынын көлөмүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жабырлануучунун айылдаштары – З., Б., З., Ж. аттуу жарандардын өздүгүн жана жүргөн жерин тактоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий