Кыргызстанда Экономика министрлигинин Банкротко каршы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, атайын администратор С.Т.Ж. жеке компаниянын негиздөөчүсү К.Н.К. менен сүйлөшүп алып, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен макулдашуу келишимин түзүүнү демилгелеген. Бул кадам компанияга банкроттук процедурасынан чыгууга жана турак жай комплексин үлүштүк куруу үчүн жерди пайдаланууга уруксат алууга мүмкүндүк берди.
Бирок атайын кызматтардын айтымында, жерди мындай пайдалануу келишимге таптакыр карама-каршы келет.
Кармалган Экономика министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү Т.Ж.К., К.Н.К. жана С.Т.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которулду.
Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө белгиленгендей, айыпталуучулар катышкан компаниянын Финансы-кредиттик фондго 11 миллион 475 миң 590 доллар карызы бар.
Тинтүү учурунда ишкананын чыныгы ээси К.Н.К. үлүштүк курулуш аркылуу курулуп жаткан турак жай комплексиндеги турак жайларды сатуу жолу менен 200 миллион сомдон ашык акча каражатын алып койгону аныкталган. Бирок фондго болгон карыз төлөнбөй калган.