Интернетте коронавирус менен ооругандар жөнүндө маалыматты жайгаштыруу фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат

Карантиндеги кыргыз жарандарынын жеке маалыматтарын чагылдырган видео текшерүү жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда беш мүнөттүк видео таркатылып, анда белгисиз адам COVID-19 инфекциясы менен байланышта болгон жарандардын электрондук мониторинг тутуму кандай иштээрин көрсөткөн. Ошол эле учурда, купуя маалыматтар жашырылган эмес. Тутумга кантип кире алган адам дагы эле белгисиз.

Буга чейин Кыргызстанда карантиндеги адамдардын ден-соолугунун абалын жана алардын изоляция эрежелеринин сакталышын алыстан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген мониторинг тутуму иштей баштаган. Система Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб тарабынан иштелип чыккан.

Маанилүү! Эгер өзүңүздү жаман сезип калсаңыз, шашылыш SOS баскычын бассаныз болот. Инновация үйдө карантинге чыккан жугушсуз жарандарга колдонулат.

Добавить комментарий